Европада санкциядан улам ишканалар оңбогондой жабыр тартууда. Видеоинфографика

Жазылуу
Европанын экономикасына, анын ичинде химиялык өнөр жайына Россияга салынган санкциялардын кедергиси бир топ тийип жатат.
2023-жылдагы маалыматтарда Европанын 19 өлкөсүндө газдын кымбатташынан, суроо-талаптын төмөндөшүнөн химиялык ишканалар зыянга учураганы айтылган. Бир катары жабылса, көбү өндүрүшүн төмөндөткөн.
2022-жылы ЕБдин газды колдонуу баасы өсүп кеткендиктен сатып алуу 55-60 миллиард куб метрге азайган.
Тереңирээк үңүлсөк, Европадагы ишканалар 2021-жылдын экинчи жарымында эле жабыла баштаган. 2022-жылдын I кварталына карата алынган маалыматтарда ЕБдин ишканаларында көгүлтүр отту пайдалануу 20 пайызга кыскарганы айтылган. Бул аргасыздыктан улам жаралган кырдаал болду. Ал арада европалык саясатчылар Россия газына болгон суроо-талапты 50 миллиард куб метрге азайтуу планы "ийгиликтүү ишке ашканын" жар салышууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0