Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Кулеба: Киевдин ЕБден жардам келбей калса эмне кылары боюнча планы жок

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүБрюсселдеги Евробиримдиктин штаб-квартирасында Украинанын желегин жанында турган протоколдун мүчөсү. Архив
Брюсселдеги Евробиримдиктин штаб-квартирасында Украинанын желегин жанында турган протоколдун мүчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2024
Жазылуу
Украина ТИМ башчысы ЕБден жардам кечиксе Украинанын Финансы министрлигине "башкаруу боюнча чеберчилигин" көрсөтүүгө туура келерин белгилеген.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Киевдин Евробиримдиктен жардам келбей калса эмне кылышы керектиги боюнча атайын планы жок. Бул туурасында Украина ТИМ жетекчиси Дмитрий Кулеба испаниялык Pais басылмасына маек берип жатканда айтканын РИА Новости жазды.
"Биздин Б планыбыз жок. Четтен караганда башкача көрүп же ойлоп жатсаңыздар керек. А, Б жана В пландар боюнча да аналитикалык материалдарды, макалаларды жарыялайт чыгарсыздар. Бирок сыртта эмес, ичте туруп энергиябыз менен интеллектуалдык күчүбүздү бир гана нерсеге — А планыбыз иштеп кеткенге жумшоо зарыл", —деген Кулеба.
Бул Евробиримдиктен жардам келбей калса Киевдин башка планы бар-жогу боюнча узатылган суроого берген жообу болгон.
Украина ТИМ башчысы эгерде ЕБ мамлекеттеринен жардам кечиктирилип калса, анда Украинанын Финансы министрлигине "башкаруу боюнча чеберчилигин" көрсөтүүгө туура келерин белгилеген.
Министр Киев тоңдурулган россиялык активдерди 100 пайыз аларын, өлкөнү калыбына келтирүү иштерине ал акчалардын жетерин айткан.
"Биздин эсептөөлөр боюнча, тоңдурулган активдердин жалпы суммасы калыбына келтирүүгө болгон муктаждыктарыбыздын 80 пайыздан ашыгын түзөт деп ойлоп жатабыз", — деген Украина ТИМ жетекчиси.
Брюсселде декабрдын ортосундагы саммитте Венгрия ЕБдин 2024-2027-жылдарга каралган көп жылдык бюджетти көбөйтүүсүнө каршылыгын билдирип, вето коюп, Украинага багытталган 50 миллиард долларлык жардам пакетин бөгөттөгөн. Бирок премьер-министр Виктор Орбан Украинанын ЕБге кириши боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого каршы добуш берген эмес. Анткен менен айбат көрсөткөн. Тагыраагы, бул процесске тоскоолдук жаратыш үчүн Венгрияда дагы "75 мүмкүнчүлүк" бардыгын айткан.
Украинаны көп жылга финансылоо маселеси боюнча ЕБдин жаңы саммити Брюсселде 1-февралда өтүшү пландалган.
Атайын операция башталгандан кийин Евробиримдик менен "Чоң жетиликке" мүчө мамлекеттер Россиянын 300 миллиард еврого жакын валюта корунун дээрлик жарымын тоңдурган. Дагы 200 миллиардга чукул каражаты ЕБде, тагыраагы, Euroclear деп аталган бельгиялык дүйнөдөгү эң ири эсептик-клирингдик системада жатат. Октябрдын аягында Euroclear эл аралык депозитарийи 2023-жылдын тогуз айында санкцияланган россиялык активдерге инвестиция салуудан 3 миллиард еврого жакын пайыздык киреше тапканын билдирген эле.
Кремлден буга окшогон чечимдер "эл аралык укуктун нормалары менен бардык эрежелерин бузуунун дагы бир кадамы" болорун айтышкан. РФ ТИМи Европадагы россиялык активдерди тоңдуруп коюу уурулукка жатарын, ЕБ жеке жактардын эле эмес, Россиянын мамлекеттик активдерине колун салып жатканын белгилеген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Financial Times: Зеленский ушул аптада башкы союздаштарынан кол жуушу мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0