9-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКанатын жайып жаткан көгүчкөн. Архивдик сүрөт
Канатын жайып жаткан көгүчкөн. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2024
Жазылуу
9-январга караган түнү тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп тайгак болот.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. 9-январь, шейшембиде, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +9...+14, Таласта +6...+11, Ысык-Көл аймагында +2...+7 градус жылуу болсо, Нарын облусунда -2...-7 градус суук болот.
Күндүн табы борбор калаада жана Ош шаарында +12...+14 градуска көтөрүлөрү болжолдонду.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакцина алып жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2024
Саламаттык сактоо министри Бейшеналиев COVID-19га каршы вакцина алууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0