Көөнө сөз - Sputnik Кыргызстан, 1920
Көөнө Сөз
“Көөнө сөз” рубрикасында “Манас” эпосунда кездешкен, күнүмдүк жашоодо колдонулбай калган сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилет.

Манасчы "сыңар" деген көөнө сөздү чечмелеп берди

© Sputnik / Асель СыдыковаМанасчи, член ОО "Койкашка" Нурбек Талантбеков
Манасчи, член ОО Койкашка Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2024
Жазылуу
"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Манастагы "сыңар" деген сөз жалгыз, түгөйү жок дегенди билдирет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Манасчы "сыңар" деген көөнө сөздү чечмелеп берди
Анын айтымында, эпосто бул сөз бир канча жерде колдонулган.

"Манас" эпосунда "сыңар" деген көөнө сөз кездешет. Ал: жалгыз, түгөйү жок, бирөө эле деген маанини түшүндүрөт. Манаста "сыңар чака доосу жок, сурап алар жоосу жок" деп айтылат. Бул адамдын кунун, доосун сурап, кегин ала турган тууганы, досу жок деген маанини берет. Башкача айтканда, "жалгыз дарак токой болбойт" деген сыяктуу эл менен бирге болуш керектигин билдирген философия жатат", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал "Манас" эпосунда көөнө сөздөрдөн башка дагы табылгалар көп экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0