Дохада "Ак шумкарларды" кантип тосушту. Видео

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаКыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2024
Жазылуу
Бишкектен барган футболчулар D тайпасында Оман, Сауд Арабия жана Таиланд курама командалары менен ойнойт.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылдагы Азия кубогуна катышуу үчүн Дохага (Катар) барып түштү. Бул туурасында Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.
"Ак шумкарлар" машыктыруучу Штефан Тарковичтин жетекчилиги астында оюнга чыгат.
Азия кубогу 12-январдан 10-февралга чейин Катарда өтөт. Кыргызстандык футболчулар D тайпасында Оман, Сауд Арабия жана Таиланд курама командалары менен ойнойт.
Аталган союздан Дохада намыс талашчу спортчулардын тизмесин жарыялаган эле.
Алар:
дарбазачылар: Эржан Токотаев, Марсел Исламкулов, Султан Чомоев, Курманбек Нурланбеков;
коргоочулар: Кайрат Жыргалбек уулу, Християн Браузман, Айзар Акматов, Бактыяр Дүйшөбеков, Тамирлан Козубаев, Бекжан Сагынбаев, Сүйүнтбек Мамыралиев, Александр Мищенко, Амантур Шамурзаев;
жарым коргоочулар: Одилжон Абдурахманов, Адиль Кадыржанов, Кай Мерк, Бекназ Алмазбеков, Кими Мерк, Гүлжигит Алыкулов, Нурдөөлөт Сталбеков, Атай Жумашев, Фархат Мусабеков Фархат, Азим Азаров;
чабуулчулар: Эрнис Батырканов, Кожо Жоэл, Дастан Токтосунов.
машыктыруучу — Штефан Таркович.
2023-жылы Ханчжоудагы жайкы Азия оюндарында балбан. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Кубанычын да, ызасын да тең бөлүштүк. КР спортчуларынын 2023-жылдагы ийгилиги
Жаңылыктар түрмөгү
0