Бишкек мэри коомдук транспортко контролерлор керек экенин айтты

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүКоомдук транспорттогу контролер. Архивдик сүрөт
Коомдук транспорттогу контролер. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Бишкектин коомдук транспортуна контролерлор керек. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
"Аларсыз болбойт. Анткени акы төлөбөй отуруп алган көптөгөн жүргүнчүлөрдү көрүп жатабыз", — деди Жунушалиев.
Жардамга жаңы түзүлө турган муниципалдык полиция келиши мүмкүн.
Буга чейин мэрия контролерлор накталай төлөгөндөргө билет берери айтылган. Муниципалитет автобус жана троллейбустарда бекер жүрүүнү адатка айланткандарга 1000 сом айып салууну сунуштаган.
Чүй облусундагы жолдун көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2023
Бишкекке кошула турган жерлерди трансформациялоого мораторий киргизилиши мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0