Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Эрдоган Түркия Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин айтты

© AFP / ATTILA KISBENEDEKТүркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган
Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2024
Жазылуу
Түркия президенти Украинада тынчтыкка жетишүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Түркия Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр. Бул тууралуу президент Реджеп Тайип Эрдоган Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Түрк лидеринин канцеляриясы Анкара Украина менен Палестина аймактарында тынчтык орнотуу үчүн чоң күч-аракеттерди жумшап жатканын белгилеген.
"Президент Эрдоган Украинада тынчтыкка жетишүү үчүн ортомчулук кылып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Москва сүйлөшүүлөргө даяр экенин бир нече ирет айткан. Бирок Киев мыйзамдын негизинде сүйлөшүүлөргө тыюу салган. Батыш Россияны сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырганы менен украиналык бийликтин диалогдон баш тартып жатканына көз жумуп келет. Кремль учурда абалдын тынчтык жолуна өзгөрүшүнө оңтойлуу шарт жок экенин, РФ үчүн атайын операциянын максатына жетүү маанилүү болуп турганын белгиледи. Украинадагы абал жаңы реалдуулуктарды эске алуу менен гана өзгөрөт. Москванын талаптары баарына белгилүү. Президент Владимир Путиндин айтымында, эгер Украина сүйлөшүү процессин кааласа театралдык шоулардын кереги жок, болгону Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө киргизилген декретти жокко чыгарып коюу жетиштүү.
Украина президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский 2023-жылы максатына жетпей калганын айтып кейиди
Жаңылыктар түрмөгү
0