Суукта балдарды канча убакыт сыртка сейилдеткенге болот? Дарыгердин кеңеши

© Sputnik / Григорий СысоевКышкы үй-бүлөлүк сейилдөө. Архив
Кышкы үй-бүлөлүк сейилдөө. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2024
Жазылуу
Бала сыртта сейилдегенде өзүн ыңгайлуу сезиши үчүн каттап кийинтпеш керек.
БИШКЕК, 4-янв. – Sputnik. Суук аба ырайында балдарды коркпой сейилдетүү керек. Бул тууралуу РИА Новостиге дарыгер-педиатр айтып берди.
Дарыгер аба ырайы 10-15 градус суукта балдарды күнүнө 1,5 сааттай эшикка чыгарса болорун билдирди. Температура – 20 кезде жана катуу шамалда албетте үйдө отурган оң.
"Эмчектеги балдарды күн суукта 30-40 мүнөт гана сейилдетүү жетиштүү", - деди адис.
Анткен менен ар бир баланын ысык менен суукту кабыл алышы түрдүүчө болорун айтты. Мисалы, ымыркай кезинен кат-кат кийинип жүргөн бала суукту бат өткөрүп алат. Аларды акырындан суукка чыгарып, бышык кылып чоңойтсо болот.
Ал эми бала сыртта сейилдегенде өзүн ыңгайлуу сезиши үчүн каттап кийинтпеш керек.
Тамак оорусунан дарыланып жаткан кыз. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2023
Ангина бөйрөк оорусун шарттайт. Нефрологдун кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0