Министрлик былтыр канча балага "сүйүнчү акча" берилгенин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча жана үпчү. Архивдик сүрөт
Акча жана үпчү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Жазылуу
2022-жылга салыштырмалуу 2023-жылы "балага сүйүнчү" жөлөк пулун каржылоо 61,2 миллион сомго көбөйгөн.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. 2023-жылы "Балага сүйүнчү" жөлөк пулу 146 633 ымыркайга төлөнүп, ага республикалык бюджеттен 584 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, бул сумманын ичинде бир эле мезгилде үч эм жана андан көп төрөлгөн бөбөктөргө берилген акча да бар.
2022-жылга салыштырмалуу 2023-жылы "балага сүйүнчү" жөлөк пулун каржылоо 61,2 миллион сомго көбөйгөнү кошумчаланды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайга 4 000 сом чегерилет. Ал эми бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда "сүйүнчү акча" ар бир бөбөккө 50 000 миң сом өлчөмүндө төлөнөт.
"Балага сүйүнчү" жөлөк пулун алуунун жолу:
"Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуу керек;
арызды бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшыруу керек;
акча арыз берилген күндөн 2 иш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт;
ата-эне акчаны РСК жана "Айыл банктын" каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу арыз берген күндөн тарта 6 айдан кеч эмес мөөнөттө ала алат.
"Арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүү зарыл. Себеби акча которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС-билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт", — деп эскерткен министрлик.
Суроолор боюнча 0312 312 502 номерине чалса болору айтылды.
Кош бойлуу аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2024
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул 100%га жогорулады
Жаңылыктар түрмөгү
0