Токаев: Россиянын катышуусусуз дүйнөдөгү бир дагы көйгөй чечилбейт

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Жазылуу
Токаевдин айтымында, Россиядагы президенттик шайлоо эл аралык чоң мааниге ээ болуп, дүйнөнүн көңүлүн бурат.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Россиядагы президенттик шайлоо эл аралык чоң мааниге ээ болот. Анткени дүйнөдөгү бир дагы көйгөй Москванын катышуусусуз чечилбейт. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Egemen Qazaqstan жалпы улуттук гезитиндеги интервьюсунда билдирди.
"Россия дүйнөлүк саясатта маанилүү ролду ойнойт жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү статусуна ээ. Президент Владимир Путин — дүйнөлүк күн тартибин аныктаган лидер. Дүйнө жүзү Россиянын пикири менен эсептешет. Анын катышуусусуз бир дагы дүйнөлүк көйгөй чечилбей турганы факт", — деди Токаев.
Ал жаңырган жаңы жылда шайлоо кампаниясы РФте эле эмес, АКШ, Азербайжан, Улуу Британия, Индия жана башка көптөгөн өлкөлөрдө өтөрүн, ошондой эле Европарламентке шайлоо болорун белгиледи. Токаевдин айтымында, Россиядагы президенттик шайлоо эл аралык чоң мааниге ээ болуп, дүйнөнүн көңүлүн бурат.
РФ президентин шайлоо 2024-жылдын 17-мартына белгиленген. Шайлоо 15-17-март аралыгында өтөт.
РФ президенти Владимир Путин Стратегиялык өнүктүрүү жана улутттук долбоорлор кеңешинин отурумунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Путин: Түндүк Америка менен Европа акылсыздыкты токтотушу керек
Жаңылыктар түрмөгү
0