Караколдо кышкы жарманке уюштурулат

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүЖарманке. Архивдик сүрөт
Жарманке. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Жазылуу
Иш-чара үч күнгө созулары айтылды.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын мэриясы калаада KARAKOL WINTER FAR 2024 деп аталган кышкы жарманке уюштуруларын билдирип, бардык каалоочуларды чакырды.
Маалыматта иш-чара 6-январда башталып, 8-январда жыйынтыкталары айтылган. Жарманке шаардагы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында болот.
Муниципалитет жарманке саат 11:00дө башталып, 21:00гө чейин уланарын кошумчалады.
Каракол шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2023
Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарлары дагы кеңеет. Кошула турган жерлер
Жаңылыктар түрмөгү
0