4-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүБактын бутактарына конгон чымчыктар. Архив
Бактын бутактарына конгон чымчыктар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Жазылуу
4-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана таң эрте айрым жерлерге туман түшөт.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. 4-январь, бейшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас аймагында +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7 градус жылуу болору болжолдонду. Ал эми Нарында -4...-9 градус суук болот.
Борбор калаа Бишкекте күндүн табы +12...+14, Ош шаарында +11...+13 градуска чейин көтөрүлөт.
4-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана таң эрте айрым жерлерге туман түшөт.
Новогодняя елка на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2024
Кар жаайбы? Жаңы жылдын алгачкы айы январга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0