Лавров: АКШдагы президенттик шайлоодон ким утса да Россияга баары бир

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүРФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров. Архивдик сүрөт
РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2023
Жазылуу
Американын лидерин шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрына белгиленген.
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. АКШдагы президенттик шайлоодо ким жеңсе да Россияга баары бир. Бул туурасында РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров РИА Новости агенттигиндеги маегинде билдирди.

"Америкалык саясий элита кайсы партиядан экенине карабай Россияны душман жана коркунуч жаратуучу катары көрөт. Бул маселе боюнча партиялар ортосунда консенсус жаралганын эске алганда, Республикачыл партиянын талапкери жеңсе мамиле жакшырып кетерине үмүт артуу ашыкча ишенчээктик болуп калмак. Бизге негизинен АКШ президентинин креслосу үчүн жарышта ким жеңери баары бир", — деди ал.

Ошондой эле Лавров АКШ РФ менен мамилесин толук үзүп коюуга батынбастыгын, бирок Москванын кызыкчылыктарын сыйлоого даяр эместигин белгиледи.
"Вашингтон биздин түпкү улуттук кызыкчылыктарыбызды таанып, олуттуу түрдө макулдаша баштаса гана кээ бир тармактар боюнча өз ара иштешип, тынчтык формуласына келе алабыз", — деди ТИМ башчысы.
АКШда президенттик шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрына белгиленген. Сурамжылоолор Республикачыл партиядан чыккан мурдагы президент Дональд Трамп негизги фаворит болуп жатканын көрсөтүүдө. Ага каршы учурдагы президент Жо Байден ат салышары күтүлүүдө.
Киевдеги Жогорку Раданын имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Рада депутаты: АКШнын Украинага берген жардамы согуш тааласындагы абалды өзгөртпөйт
Жаңылыктар түрмөгү
0