Бишкекте 2500дөн ашык милиционер күчөтүлгөн тартип режимине өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги милиция кызматкерлери. Архив
Бишкектеги милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2023
Жазылуу
Коомдук тартипти сактоого милициянын бардык бөлүмдөрү тартылган.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкек гарнизонунун 2500дөн ашык кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өттү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин маалымат кызматы билдирди.
Тартип сакчылары мындай режимде 2023-жылдын 28-декабрынан 2024-жылдын 2-январына чейин иштей турганы маалым болду.

“Жаңы жылдык майрам күндөрү оюн-зоок мекемелери менен киши көп топтолгон жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Ал жерлерде ИИМдин Күзөт кызматы атайын унаалар менен коомдук тартипти сактайт”, — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле маалда милиция кызматкерлери бир катар профилактикалык иштерди жүргүзүп, жеке менчик мейманканаларды, сауналарды текшерип, каттоодо тургандарды кыдырып жатышат. Коомдук тартипти сактоого милициянын бардык бөлүмдөрү тартылган.
Жаңы жылдык маршруттагы автобустун салону. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Бишкекте жаңы жыл түнү автобустар "Ала-Тоо" аянтынан 12 багытта жүрөт. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0