Бишкек шаарына кошула турган айыл жана конуштардын тизмеси жарыяланды

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарынын тегерегиндеги айылдын көрүнүшү. Архив
Бишкек шаарынын тегерегиндеги айылдын көрүнүшү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2023
Жазылуу
Бишкектин курамына айыл аймактар, айылдар, жаңы конуштар жана Аламүдүн менен Сокулук райондорунун участкалары кирет.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Реформаны Бишкек шаарында дагы өткөрүү пландалууда. 1-апрелге чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сунуштарын жактырып, реформа жүргүзүү тапшырылды.
Жарлыкта Бишкектин курамына төмөнкүдөй айыл аймактары, айылдар, жаңы конуштар, ошондой эле Аламүдүн менен Сокулук райондорунун участкалары киргизилет деп белгиленген:
Аламүдүн, Маевка, Пригородный, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка жана Көк-Жар айыл аймактары;
Алтык-Казык, Анар-Бак, Ак-Жар, Нуркожо-Ата жана Адилет жаңы конуштары;
Орто-Сай, Мыкан айылдары жана 544, 545, 552 контурлары;
Орок жана Новопавловка айыл аймактары;
Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылындагы 177-контур кирет.
Аталган айыл аймактардын жайыт жерлери Бишкектин карамагында болбойт.
Бишкек шаарынын дрондон көрүнүшү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2023
Мэр: Бишкек шаарынын аянты үч эсе кеңейип, четиндеги айрым айылдар кошулат
Жаңылыктар түрмөгү
0