Калкты тейлөө борборлору, паспорт бөлүмдөрү 7 күн иштебейт

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБишкектеги калкты тейлөө борборундагы адамдар. Архив
Бишкектеги калкты тейлөө борборундагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2023
Жазылуу
Калкты тейлөө борборуна келүүдөн мурда 119 номери аркылуу кеп-кеңеш алып, жаралган суроону тактап алууну эскертишти.
БИШКЕК, 29-дек.— Sputnik. 2024-жылдын 1-7-январь күндөрү республика боюнча бардык калкты тейлөө борборлору (КТБ) жана паспорт бөлүмдөрү иштебейт. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Алар элди 2024-жылдын 8-январынан тарта тейлеп, кадимки режимде иштей баштайт.
Министрлик бүгүн, 29-декабрда, Бишкекте бир нече КТБ сынамык долбоордун алкагында иш алып барарын айтты.
Саат 20:00гө чейин төмөнкү бөлүмдөр иштейт:
Бишкек шаарындагы Жибек Жолу пр., 381;
Нуркамал Жетишкаева көч., 29.
30-декабрда саат 10:00дөн 19:00гө чейин жана 31-декабрда 10:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү даректегилер иштейт:
"Азия Молл" соода борборундагы (Ч.Айтматов пр., 3) бөлүм;
"Глобус" гипермаркетиндеги (Чүй пр., ЖЭБдин каршысында) бөлүм.
Бүгүн республика боюнча 36 ири жана 5 кичи Калкты тейлөө борбору иштеп жатат.
"Бишкек жана Ош шаарларында Early One тиркемеси аркылуу онлайн-кезекке жазылса болот. Ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында жана "Түндүк" тиркемесинде 150дөн ашык кызматты телефонуңуздан түз ала аласыз", — деп айтышты министрликтен.
Калкты тейлөө борборуна келүүдөн мурда 119 номери аркылуу кеп-кеңеш алып, жаралган суроону тактап алууну эскертишти.
Белгилей кетсек, жаңы жылдын башында кыргызстандыктар бир жума, тагыраагы, жети күн катары менен эс алат.
Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башкы жаңы жылдык балаты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
2024-жылы кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат? Өкмөттүн токтому
Жаңылыктар түрмөгү
0