Лавров БРИКС тууралуу: киносыйлык, ыр жана спорт таймаштары уюштурулат

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүМосквадагы Зарядье паркында БРИКС өлкөлөрүнүн театр мектептеринин III Эл аралык фестивалы. Архивдик сүрөт
Москвадагы Зарядье паркында БРИКС өлкөлөрүнүн театр мектептеринин III Эл аралык фестивалы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2023
Жазылуу
Лавров БРИКСтин алкагында эң башкысы экономика жана финансы багыттарында өзгөрүүлөр күтүлүп жатканына токтолду.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Быйыл Йоханнесбургда өткөн саммиттин жыйынтыгында БРИКС эки эсе кеңейди. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров РИА Новости менен "Россия 24" телеканалындагы маегинде айтты.
Ал 1-январдан тарта жаңы курам менен биргеликте ишке киришүүнү камсыздоо маселеси турганын белгиледи. Лавровдун айтымында, БРИКС мамлекеттери коопсуздук, экономика, маданият, билим берүү жаатында кызматташат.
"БРИКС оюндарын, кино сыйлыктарын уюштуруу пландалууда. Мындан тышкары, "Интервидение" ыр сынагын кайра жаратуу каралды. Ага дээрлик бардык мамлекеттер катыша алат", — деди ал.
Лавров БРИКСтин алкагында эң башкысы экономика жана финансы багыттарында өзгөрүүлөр күтүлүп жатканына токтолду.
"Үстүбүздөгү жылдын август айында Йоханнесбургда өткөн саммитте альтернативалуу төлөм системасын түзүү маселеси каралган. Элдин баары доллардан тажады. Бүтүндөй Латын Америкасы үчүн башка төлөм системасын киргизүүнү ойлонуу сунушталууда", — деди ТИМ башчысы.
БРИКС уюмуна Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка кирет. Ал эми августтагы саммитте курам Аргентина, Египет, Иран, Эфиопия, БАЭ жана Сауд Арабия менен толукталмай болгон.
Москва шаарындагы Кремлдин көрүнүшү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2023
Мамлекеттердин көбү Россия менен бирге экендигин айтышууда. Лавровдун маегинен
Жаңылыктар түрмөгү
0