Садыр Жапаров инвесторлорду алдаганды токтотууга чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенти Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
КР президенти Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2023
Жазылуу
Президент чет элдик инвесторлорго да кайрылып, кимдер менен иштешсе ишенимдүү болорун айткан.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ишкерлерди чет элдик инвесторлорду алдаганды токтотууга чакырды. Ал кайрылуусун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Мамлекет башчы акыркы жылдары Кыргызстанга чет мамлекеттерден инвесторлор көп келе баштаганы кубандырчу көрүнүш экенин, бирок айрым инвесторлорду жеке ишкерлер алдап кеткен учурлар катталып жаткандыгын айткан.
Күч органдары андайларды камакка алып, инвестордун акчасын кайтарып бергени менен бул ашыкча түйшүк жаратып, өлкөнүн аброюн түшүрүп жатканын баса белгилеген.
"Кыргызда "бир карын майды бир кумалак чиритет" деп таамай айтылган сөз бар. Арабыздан анча-мынча тентектер чыгып жатат. Алдамчылык жарытпайт, туугандар. Токтоткула мындайды", — деп кайрылган ал.
Жапаров чет элдик инвесторлорго да кайрылып, мамлекеттик мекемелер, министрликтер менен иштешүү керектигине кеңеш берип, мамлекеттик кызматтагыларга да эскертүү берген.
"Инвесторлорго эскертүү: колуңардан келишинче мамлекеттик мекемелер менен, мисалы, Экономика жана коммерция министрлиги, Инвестиция тартуу боюнча агенттик, облус, район, айыл өкмөт башчылары аркылуу иштесеңиздер ишенимдүү болот эле. Ал эми, урматтуу жетекчилер, силер дагы инвесторлор менен тыгыз иштегиле. "Убактым жок. Эртең кел, бүрсүгүнү кел" деген сыяктуу бюрократиялар болбосун", — деген президент.
Өлкө башчы ар бир жетекчинин ишине алар башкарган аймакка келген инвестордун санына жана салынган инвестициянын көлөмүнө жараша баа берилерин кошумчалаган.
КР президенти Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Кыргызстан ишенимдүү өнөктөш! Садыр Жапаров россиялык бизнеске кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0