Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Туура эмес жолго түштү. Радада Зеленскийдин олуттуу катасын моюндашты

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУкраина президенти Владимир Зеленский
Украина президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Украинанын жетекчилиги Евробиримдикке жана НАТОго кирүү туура чечим деп жаңылып жатат. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Евгений Шевченко украиналык саясат таануучу Вадим Карасевго берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Туура эмес жолго түшкөндү моюнга алыш керек. Маркум Кравчук качандыр бир кезде Украина Швейцариядай нейтралдуу жана бай өлкө болушу керек деп айткан эле", — деген Шевченко.
Саясатчы Украинанын Куралуу күчтөрүнүн бир нече белгилүү генералы Түндүк Атлантика альянсына кошулууга каршы чыгып жатканын белгилеген. Алардын айтымында, эгер альянска кошулса Украина субъективдүүлүгүн толугу менен жоготот.
Москва НАТО конфронтацияга багыт алганын, бирок анын кеңейиши Европага коопсуздук алып келбей турганын бир нече ирет белгилеген. Ал эми Владимир Путин Россия 30 жылдан бери НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери тууралуу сүйлөшүүгө аракет кылып келе жатканын айтып, бирок калп, кысым жана опузага туш болуп жатканын билдирди. Альянс Москванын каршылык көрсөткөнүнө карабай кеңейип, Россиянын чек араларына жакындап келе жатканын кошумчалаган.
Протоколдун мүчөсү Евробиримдиктин жана башка өлкөлөрдүн желектерин илип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кандуу булоонго жиберип. Европарламент ЕБди Украина боюнча жооп берүүгө чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0