Путин КМШ лидерлерин февралда өтчү инновациялык оюндардын ачылышына чакырды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПутин КМШ лидерлерин февралда өтчү инновациялык оюндардын ачылышына чакырды
Путин КМШ лидерлерин февралда өтчү инновациялык оюндардын ачылышына чакырды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин КМШга мүчө өлкөлөрдүн лидерлерин 2024-жылы Казанда өтө турган Келечектеги инновациялык оюндардын ачылышына чакырды. Бул туурасында ал шериктештиктин президенттеринин Санкт-Петербургдагы бейформал саммитинде сүйлөп жатканда айтты.
РФ лидери дагы эмнелер тууралуу айтты:
Быйылкы 10 айда КМШ өлкөлөрү ортосундагы товар жүгүртүү өсүп, 83,7 млрд. долларга жетти;
Тарыхты жасалмалоо жана нацизмди эрдикке айландырууга каршы күрөшүүдө КМШ өлкөлөрүнүн кызматташтыгын талапка ылайык деп атап, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү акцияларын өткөрүүгө чакырды;
Кесиптештерин Евразия киноискусствосун, Евразия кино сыйлыгын негиздөөгө, “Интервидение” популярдуу ырлар эл аралык конкурсун кайра жандандырууга үндөдү;
Ал Россия 2024-жылы КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда улуттук валютада эсептешүүнү арбытууга басым жасаарына токтолгон.
Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусу өтүүдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусу өтүүдө. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0