Путин Иран менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн макулдашуусунун артыкчылыгын айтып берди

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин
РФ президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Жазылуу
Россиянын башчысы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара соодасынын көлөмү дээрлик 10 жыл ичинде эки эсе өскөнүн белгилеген.
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү Иран рыногуна бажы алымысыз кире аларын Владимир Путин билдирди.
Эскерте кетсек, учурда Санкт-Петербургда ЕАЭБ саммити өтүп жатат.
РФ президенти Евразия биримдиги менен Ирандын ортосундагы Эркин соода келишими байланыштарды чыңдоо жана экономиканы технологиялык жактан өнүктүрүү жаатында олуттуу мааниге ээ болушу мүмкүн экенин белгилеген.
"Биримдикте өндүрүлгөн товарлардын дээрлик бардык түрү Ирандын кеңири рыногуна бажы алымысыз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Кеп 90 миллион адам тууралуу болууда. Тарифтик эмес тоскоолдуктар кыйла азаят", — деген Путин ЕАЭБ саммитинде.
Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара соодасынын көлөмү дээрлик 10 жыл ичинде эки эсе өскөнүн кошумчалады. ИДП 1,6 триллион доллардан 2,5 триллион долларга чейин жогорулаган.
Ошондой эле Путин өлкө башчылар бүгүн Россия сунуш кылган биримдиктин алкагындагы экономикалык процесстерди 2030-жылга жана 2045-жылга чейинки өнүктүрүү жөнүндө декларациянын долбоорун жактырарына ишеним артты.
ЕАЭБ мамлекеттери Иран менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол койду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
ЕАЭБ мамлекеттери Иран менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол койду
Жаңылыктар түрмөгү
0