Ар бир жаран үчүн санарип ден соолук профили түзүлдү. Анда эмне камтылган?

© Фото / PexelsКиши смартфонду кармап отурат. Архив
Киши смартфонду кармап отурат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Жазылуу
Бул кызмат жеке медициналык маалыматка жетүүнү камсыз кылат.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Ар бир кыргызстандык үчүн санарип ден соолук профили түзүлдү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Аталган кызмат "Түндүк" тиркемеси аркылуу бардык жарандарга жеке медициналык маалыматка жетүүнү камсыз кылат. Алар төмөнкүлөр:
сиз катталган алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюму;
камсыздандыруу статусу;
бейтапканалар жөнүндө маалыматтар;
ооруканага жаткыруу боюнча маалыматтар;
лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары;
эмдөө боюнча маалыматтар.
"Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында ата-энелерге жашы жете элек балдардын медициналык маалыматтарын алууга мүмкүнчүлүк берилген. Бул аларга балдарынын ден соолугуна кам көрүүгө активдүү катышууга шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле сервиске эмдөөдөн жана белгилүү бир анализдерден өтүү керектиги тууралуу билдирүүлөрдү кошуу иштери жүрүп жатканы белгиленди.
Түндүк мобилдик тиркеме. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2023
Балдар үчүн "Санариптик ден соолук профили" кызматы ишке кирди. Милдети
Жаңылыктар түрмөгү
0