Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөрдүн бирдиктүү реестри түзүлөт

© Sputnik / Акбар АкжигитовИИМдин коомдук коопсуздук кызматы башкармалыгынын улук инспектору Канат Исаков
ИИМдин коомдук коопсуздук кызматы башкармалыгынын улук инспектору Канат Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
Жазылуу
ИИМдин коомдук коопсуздук кызматы башкармалыгынын улук инспектору Канат Исаков үй-бүлөлүк зомбулукка күбө болгон учурда жарандар анонимдүү билдирүү калтырса да милиция тарабынан реакция жасаларын айтты.
Милицияга жардам берүү жарандын милдети болуп саналат. Мыйзамда да бул жөнүндө так көрсөтүлгөн. Андыктан үй-бүлөлүк зомбулука күбө болгон учурда 102ге чалуу керек. Бул тууралуу Канат Исаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөрдүн бирдиктүү реестри түзүлөт
Анын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөрдүн бирдиктүү реестрин түзүү сунушталууда.
"Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында ИИМ түрдүү аракеттерди көрүп келүүдө. Мындай учурга күбө болгондор коркпой эле милицияга кабар берсе болот. Эгер коопсуздугунан чочуласа анын аты-жөнү ачыкталбай, билдирүү анонимдүү деп катталат да, милиция чакыруу түшкөн жерге барганга милдеттүү. Зомбулук көрсөткөн киши менен жабырлануучу милиция барганга чейин жарашып алса да ал учур каттоого алынып, кийин дагы чакыруу түшсө эске алынат. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо мыйзамына учурда өзгөртүүлөр сунушталып жатат. Анын алкагында зомбулук көрсөткөн кишилердин бирдиктүү реестрин түзүү каралган. Бул ишке ашса, маселен, алыскы Баткенде үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү боюнча катталган адам тууралуу маалымат бардык тиешелүү тартип сакчыларына жеткиликтүү болот", — деди Исаков.
Ал үй-бүлөлүк зомбулук учурунда чакыруулар көбүнесе жабырлануучу аялдардын өздөрүнөн түшөрүн, кошуна, туугандары кайдыгер болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0