Бишкекте өрт чыкты. Видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте өрттү өчүрүп жаткан ӨКМ кызматкери. Архив
Бишкекте өрттү өчүрүп жаткан ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Борбор калаада Калык Акиев менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде күйүүчү май алмаштыруучу жайдан өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Окуяга күбө болгондор анын жанында Wildberries товарларды берүү пункту жайгашкандыгын айтышууда.
Жалынды өчүрүүгө саат 14:58де Биринчи май районундагы өрт өчүрүүчүлөрдөн эки бригада жана ага удаа эле өрт өчүрүүчү штаб тартылган.
Министрликтен кошумча маалымат берилерин айтышты.
Бишкектеги автоунаа оңдоо жайынан өрт чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
Бишкекте түтүнгө толгон жатаканадан 40 чет элдик жаран эвакуацияланды
Жаңылыктар түрмөгү
0