Путиндин конференциясы жана Борбор Азияга тиешелүү урунттуу учурлар. Талдоо

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт
Россия президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Жазылуу
Узап бараткан жыл Борбор Азия өлкөлөрү менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгүнүн бекемдигин сынады. Батыштын болуп көрбөгөндөй кысымына карабастан 2023-жылы соода-экономикалык байланыш өсүп, ар кыл багыттагы диалог чыңдалган убак болгонун жазат Sputnik колумнисти.
Россия президенти Владимир Путин менен жылды жыйынтыктоо – ар дайым мамлекет башчысы менен журналисттердин (анын ичинде чет өлкөлүк), ошондой эле планетанын эң ири өлкөсүнүн калкы менен баарлашуусунун өзгөчө форматы. Масштабы жана калктын катмарын камтуу жагынан дүйнөнүн эч бир жеринде мындай иш-чара өтпөсө керек. Конференциянын жүрүшүн болжоп болбойт, себеби суроолор курч, ага жараша жооптор да – ар бир эле президент батына албай турган тобокелдик.
Быйыл чогуу уюштурулган РФ башчысы менен түз байланыш жана ири конференция чет өлкөлүк баяндамачылардын да бүйүрүн кызытты. Бул айрыкча Россиядагы жана анын айланасындагы абалды эске алганда, балким коом тарабынан берилген тымызын белгилерди байкоо үчүн чоң мүмкүнчүлүк чыгар. Атап айтканда, атайын аскердик операциянын жүрүшү жана максаттары, Украинада тынчтыкты орнотууга жетишүү, алдыдагы президенттик шайлоо, экономикалык, саясий жана башка РФтин өнүгүүсүнүн ички жана тышкы күн тартибине тиешелүү тигил же бул маселелер алардын кызыгуусун туудурбай койбойт.
Россия жана Борбор Азиядагы процесстер бири-бирине канчалык байланыштуу жана көз каранды экенин айтыштын деле кажети жок. Бул да Россияда өткөн мындай деңгээлдеги иш-чарага чөлкөмдүн өлкөлөрүнүн чоң кызыгуусун шарттайт. Ошол эле учурда акыркы эки жылдагы экономикалык жана саясий кыйынчылыктарга, санкциялык кысым жана саясий обочолонтуу аракеттерине карабастан Борбор Азия Россиянын ынанымдуу союздашы жана өнөктөшү бойдон калууда.
Путиндин ири конференциясына мынчалык кызыгуу Россиянын эл аралык саясий таасиринин бекемделишине да байланыштуу. Быйыл өткөн БРИКС, ШКУ, ЖККУ, КМШнын саммиттери, Жакынкы Чыгышка болгон сапарлар, ошондой эле чет өлкөлүк лидерлердин да РФке келиши Москва алдыңкы роль ойногон дүйнөлүк түзүмдү өзгөртүүдөн кабарлап турат.
© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүЭсен Усубалиев: Акыркы эки жылдагы экономикалык жана саясий кыйынчылыктарга, санкциялык кысым жана саясий обочолонтуу аракеттерине карабастан Борбор Азия Россиянын ынанымдуу союздашы жана өнөктөшү бойдон калууда
Прямая линия и большая пресс-конференция президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Эсен Усубалиев: Акыркы эки жылдагы экономикалык жана саясий кыйынчылыктарга, санкциялык кысым жана саясий обочолонтуу аракеттерине карабастан Борбор Азия Россиянын ынанымдуу союздашы жана өнөктөшү бойдон калууда

Эрежелер сакталган же эрежесиз дүйнө түзүмү

Алдыдагы муундар кандай дүйнөдө жашашат? Биз жашап жаткандагыдан ал канчалык адилеттүү болот? Ушул тапта көптөгөн илимий-эксперттик аянтчаларда жана дипломатиялык чөйрөдө талданып жаткан дүйнөлүк түзүм темасы россиялык лидерге узатылган суроолордо да жаңырды. Мындай суроолордун талкууланышы маселенин орчундуулугуна да жараша. АКШ жана Батыш мамлекеттери жигердүүлүк менен ар бир декларация же биргелешкен документке кайсы бир "эрежелерге негизделген дүйнөлүк түзүм" жөнүндөгү, юридикалык жактан так эмес, борпоң саясий доктрина жөнүндө сөзсүз кошуп жатышканы белгилүү.
Путин эрежелерге негизделген дүйнө түзүмү болбостугун белгиледи. Андай эрежелер саясий конъюнктурага жана бул туурасында байма-бай баяндап жаткандардын кызыкчылыктарына жараша күн сайын өзгөрүп турат.
Келерки жылы Россия БРИКСте төрагалык кылып, анын саммити Казань калаасында өтмөкчү. Мындай учурда Россия дүйнөдө "жазылбаган андай эрежелер менен эмес, Бириккен Улуттар Уюмунун уставы башында турган негизги документтерде так жазылган эрежелер боюнча жашоону самаган күчтөрдүн, күчтүү өлкөлөрдүн жетиштүү экенинен" таасын белги берет.
2024-жылдын октябрына пландалган БРИКС саммити көп полярдуу дүйнөнү түзүүдө негизги мааниге ээ болот. Аталган уюмга кирбеген, ЕАЭБ, "Бир алкак — бир жол" боюнча процесстердин бөлүгү болгон Борбор Азия өлкөлөрү үчүн дүйнө түзүлүшүнүн келечеги жана анда өз ордун издөө барган сайын чоң мааниге ээ болуп отурат. Мисалга, Борбор Азия дүйнөлүк тартип жөнүндөгү Батыштын либералдык күн тартибине жараша өз позициясын кандай түзөт? Ушул соболго азырынча жооп айтыла элек.
© Sputnik / Станислав Красильников / Медиабанкка өтүүЭсен Усубалиев: Россиялык лидердин айтымында, Кошмо Штаттар бөлөк өлкөлөрдү сыйлап, өз маселелерин санкциялар жана согуштук аракеттер аркылуу эмес, компромисстик жол менен чече баштаганда толук кандуу алакаларды калыптандырууга негизги шарттар жаралат
Прямая линия и большая пресс-конференция президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Эсен Усубалиев: Россиялык лидердин айтымында, Кошмо Штаттар бөлөк өлкөлөрдү сыйлап, өз маселелерин санкциялар жана согуштук аракеттер аркылуу эмес, компромисстик жол менен чече баштаганда толук кандуу алакаларды калыптандырууга негизги шарттар жаралат

Батыш менен алака туурасында

Батыш менен мамилени түзөө – чет өлкөлүк баяндамачылардын баамында, россиялык жетекчиликтин алдындагы негизги маселелердин бири. Путин Европа биримдигинин Россия менен алакалары жаатында кеңири токтолду. Ал мамилени түздөөгө Москва каршы эместигин, бирок ЕБ алаканы өзү бузуп алганын түшүндүрдү. Мында, балким, Брюссель бул багытта алгач кадам таштоого тийиш экени кыйытылып жаткандыр, себеби РФ президенти Европа биримдиги менен диалог курулабы же жокпу, буга кылы кыйшайып да койбостугун билдиргендей болду.
Ал тургай Путин ЕБ "кыйла бир деңгээлде өз эгемендигин жоготконун", АКШ саясатынын жетегинде калып "өзүнө өзү залал келтирип жатканын" белгиледи. Мындайда Россиянын АКШ менен мамилени жөнгө салууга даярдыгы, кыязы, ал жактан да кадам менен коштолууга тийиш. Россиялык лидердин айтымында, Кошмо Штаттар бөлөк өлкөлөрдү сыйлап, өз маселелерин санкциялар жана согуштук аракеттер аркылуу эмес, компромисстик жол менен чече баштаганда толук кандуу алакаларды калыптандырууга негизги шарттар жаралат.
Европа биримдиги соңку убакта Борбор Азия чөлкөмүндө кыйла активдүү саясат жүргүзүп, тыгыз энергетикалык, соода-экономикалык жана транспорттук кызматташтыкты жөнгө салууга тырышып жатканы жашыруун эмес. АКШ да таасир этүүнүн кеңири куралдарын пайдалануу аркылуу чөлкөмдү Россия менен Кытай Эл Республикасынын таасиринен чыгарууга бир топ далалат кылууда.
Борбор Азия өлкөлөрү, албетте, Россиянын Кошмо Штаттар, Европа биримдиги менен мамилесинин жакшырышына таасир эте албайт. Бирок мамлекеттер үлкөн күч чордондорунун ортосундагы алакалар кыйла жөнгө салынып, чөлкөмдө тирешүүнү эмес, диалогду камтышына кызыкдар.
РФ лидери Владимир Путин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны
Путин Украина кризисин Америка кантип жаратканын айтып берди

Байкалбаган фронт

Батыштын салт-санаа, үй-бүлөлүк, диний, маданий баалуулуктарды, ошондой эле коомдо калыптанып калган гендердик ролдорду жок кылууга багытталган либералдык идеология режими дүйнөлүк коомчулуктун акыл калчай билген бөлүгү тарабынан колдоо табалбай турганы айдан ачык.
Путиндин тынчтыкта жашоо, улуттар аралык, диний ырашкерлик жаатындагы билдирүүлөрү тек гана Россия калкына эмес, мындай өзөктүү баалуулуктарды туу туткан өнөктөштөрүнүн баарына багытталганы айкын. Конференцияда айтылгандай, РФтин өнөктөштөрү, анын ичинде Чыгыш менен Азиянын басымдуу бөлүгүн айтпаганда да көптөгөн европалык мамлекеттердин жана АКШнын эли Россияны колдоп жана бул баалуулуктарды жактайт.
Мунун баары табигый түрдө Россияны өздөрүнүн эле эмес, универсалдык, жалпы адамзаттык баалуулуктарды коргоодо алдыңкы орунга чыгарат. Күрөштүн көзгө көрүнбөс мындай фронтуна акырындап, бирок активдүү түрдө коомдогу баалуулуктарды өзгөртүүгө багытталган дүйнөлүк либералдык идеологиясынын олуттуу кысымына кабылып турган Борбор Азия мамлекеттеринде да жүрөт.

Натыйжалардан да албан

Ал ортодо Россия президентинин ири конференциясы жамааттык Борбор Азия өлкөлөрү жана РФтин узап бараткан жылдагы биргелешкен аракеттерин бейформал түрдө жыйынтыктап койду. 2023-жыл Батыштын болуп көрбөгөндөй кысымынын алдында Борбор Азия мамлекеттери менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгү канчалык чың экенин сынап койду. "Борбор Азия +..." форматындагы саммиттер, бүтпөгөн консультациялар деле Россияга каршы санкцияларга кошулуу, андан мамилени үзүү үчүн шарт жарата алган жок. Сапары карып турган жыл соода-экономикалык байланыштар өрчүп, саясат жана коопсуздук жаатындагы диалог чыңдалып, маданий, гуманитардык жана билим берүүдөгү биргелешкен аракеттерди күчөттү. Бул багыттар жаңыра турган жылы да бекемделери ажеп эмес.
Россия президенти Владимир Путин жылды жыйынтыктаган маалымат жыйынында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны
Россияны жактоо, таңданткан экономика, моюндагы милдет. Путиндин маалымат жыйыны
Жаңылыктар түрмөгү
0