Кыргызстандыктар үчүн Кытайга виза алуу жөнөкөйлөштүрүлдү

© Sputnik / Татьяна Меель / Медиабанкка өтүүКытай консулдугунун виза бөлүмүндө турган киши. Архив
Кытай консулдугунун виза бөлүмүндө турган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Жазылуу
Элчиликтин консулдук бөлүмү виза алуу үчүн кайрылгандарды белгиленген күндөрү кезек менен кабыл алат.
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктар үчүн Кытайга виза алуу жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу КР ТИМи билдирди.
Маалыматка караганда, 17-декабрдан тарта Кытайдын элчилиги виза алуу үчүн документтерди тапшыруу үчүн милдеттүү түрдө алдын ала электрондук каттоодон өтүү талабын жокко чыгарган.
"Элчиликтин консулдук бөлүмү виза алуу үчүн кайрылгандарды белгиленген күндөрү кезек менен кабыл алат. Мындан тышкары, ишкерлерге, ошондой эле маданий, илимий, билим берүү иш-чараларына катышуу үчүн же иш сапар менен бара турган кыргызстандыктарга Кытай тараптан чакыруу алып келүү талабы дагы жокко чыгарылды", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрынан тарта апостиль болгон учурда Кытай аймагында колдонууга арналган Кыргызстандын документтерин консулдук мыйзамдаштыруу талап кылынбай турганын эскертти.
Бишкектеги коворкинг борборунда программисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Пресс-борбор
Кыргызстанда эки миңге жакын чет элдик жаран "Санарип көчмөн" макамын алды
Жаңылыктар түрмөгү
0