Көөнө сөз - Sputnik Кыргызстан, 1920
Көөнө Сөз
“Көөнө сөз” рубрикасында “Манас” эпосунда кездешкен, күнүмдүк жашоодо колдонулбай калган сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилет.

Манасчы "жолоюна түшүү" деген түшүнүктү чечмелеп берди

Манасчы "жолоюна түшүү" деген түшүнүктү чечмелеп берди
Жазылуу
"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
"Жолоюна түшүү" деген бирөөнүн сөзүнө кирүү, азгырылуу, ээрчип кетүү дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул түшүнүк "Манас" эпосунда көп кездешет.
"Колдонулбай кеткен түшүнүктөрдүн арасында "жолоюна түшүү" деген сөз Манаста арбын. Аны кадимки калмак Жолойдун жолун улантуу деп түз маанисинде кабыл албаш керек. Анткени анын мааниси, бирөөнүн сөзүнө кирүү, азгырылуу, ээрчип кетүү, ишенип кетүү деген маанини туюндурат. Бул — күнүмдүк турмушта көп кездеше турган жагдайлардын бири", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал эпосто көөнө сөздөр көп кездешерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0