Президент Жапаров миграцияга кеткендерди өлкөдөн жумуш караштырууга чакырды

© Sputnik / Арам Нерсесян / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчү. Архивдик сүрөт
Аэропорттогу жүргүнчү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2023
Жазылуу
Президент кийинки жылы курулуш тармагында иш орундары дагы көбөйө турганын белгиледи.
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров курултайда Кыргызстанда иш жок деп миграцияга кетип жаткандарга кайрылды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров курултайда
Второй Народный Курултай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2023
Президент Садыр Жапаров курултайда
Анын айтымында, былтыртан бери курулуш жана тигүү тармагында жумуш орундары көбөйдү.
"Курулуш тармагы өсүп, тикмечи фабрикалар көбөйүп жатат. Азыркы тапта 10 миңге жакын жумуш орундары бар. Курулушка коңшу өлкөлөрдөн келип иштеп жатканын билесиздер. Өзүбүздүкүлөр башка мамлекетте жүрөт, 60-70 миң рубль алат экен. Бизде деле 70 миңден берип жатат, келгиле десек келбей жатышат. Кудай буюрса жумуш орундары мындан да көбөйөт", — деди Жапаров.
Президент кийинки жылы курулуш тармагында иш орундары дагы көбөйөрүн айтып, миграцияга кеткендерди өлкөдөн жумуш караштырууга чакырды.
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2023
Абдан кайдыгербиз! Жапаров шайлоого катышпагандарды сынга алды
Жаңылыктар түрмөгү
0