Ош шаарында орус тилин окутуу борбору ачылды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Русского дома Ош шаарында орус тилин окутуу боюнча алгачкы борбор ачылды. Борбор Роскызматташтыктын колдоосу менен ачылды
 Ош шаарында орус тилин окутуу боюнча алгачкы борбор ачылды. Борбор Роскызматташтыктын колдоосу менен ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2023
Жазылуу
Борбордо орус тилин үйрөнүүнү каалаган бардык кыргызстандыктар билим алса болот.
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Ош шаарында орус тилин окутуу боюнча алгачкы борбор ачылды. Борбор Роскызматташтыктын колдоосу менен ачылганын Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди.
Борбор керектүү жабдыктар менен камсыз болгон. Ал жерде орус тилин бардык каалоочулар, биринчи кезекте окуучулар менен студенттер үйрөнсө болот.
"Бул борбор Россиянын ЖОЖдоруна тапшырууда жакшы көмөкчү болот деп ойлойм", — деген ачылуу аземине катышкан Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров.
Маалыматта окутуу борбору залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата ачылганы айтылган. Бүгүнкү күндө орус тилин окутуу борборлору Кант, Нарын жана Талас шаарларында иштеп жатат.
Бишкекте орус тили боюнча дил баян сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Бишкекте орус тили боюнча дил баян сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0