Ноябрда Улуттук банктын резерви 3 миллиард доллардан ашты

© AP Photo / LM OteroДоллар акчасы. Архивдик сүрөт
Доллар акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Ушул жылдын ноябрь айында Улуттук банктын эл аралык валюталык (алтын-валюта) резерви 227,8 миллион долларга өстү.
Улуттук банктын резервдери:
октябрдын этегине карата — 2 миллиард 834 миллион 180 миң доллар;
ноябрдын аягына карата — 3 миллиард 62 миллион доллар.
Өткөн айда Улуттук банк доллар саткан эмес.
Азыркы көрсөткүч тарыхта төртүнчү болуп саналат. Эң жогоркусу 2021-жылдын сентябрында катталып, анда 3,2 миллиард доллардан ашкан.
Улуттук банк интервенцияларды валютанын өзгөрүүсүн текшилөө жана сомдун курсун кармап туруу үчүн жүргүзөт. Бул үчүн алтын-валюта резерви колдонулат. Резервдер ондон ашык валютадан, SDR (атайын карыз алуу укугу — Эл аралык валюта фондунун жасалма резерви) жана алтындан турат.
Кыргызстандын валютасынын жаңы банкноталары. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Жаңы 200, 500 жана 1000 сомдуктар "Жылдын банкнотасы" сынагынын лауреаты болду
Жаңылыктар түрмөгү
0