Бишкек — Алматы жолу жабылып, ӨКМ Казакстанга куткаруучуларды жөнөттү

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистерство чрезвычайных ситуаций Кыргызской республики
Министерство чрезвычайных ситуаций Кыргызской республики - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Жазылуу
Алга айылы менен Кордай айылынын ортосунда 150дөй унаа жүргүнчүлөрү менен Кыргызстан тарапка өтө албай калган.
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Казакстанда аба ырайынан улам жол тыгында калгандарга жардам берүү үчүн Кыргызстан куткаруучуларды жөнөткөнүн ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин Чек ара кызматы Казакстандын Жамбыл облусуна жааган калың кардан улам Алматы — Бишкек жолу жабылганын билдирген.
"Алдын ала 112 кызматына келген маалымат боюнча, Алга айылы менен Кордай айылынын ортосунда 150дөй унаа жүргүнчүлөрү менен Кыргызстан тарапка өтө албай калган. Жерине Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаменти 99 куткаруучу жана 37 оор техника жиберген. Жолдо калгандарды куткаруу максатында ӨКМ 39 куткаруучу, беш оор техника, эки кар унаасын жөнөттү. Алар 15-декабрга караган түнү "Ак-Жол" чек ара постуна чыгып, саат 08:15те Казакстандын аймагына киришти", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, жеринде ыктыярчылар иштеп, жарандарды коопсуз жайга эвакуациялап жатканы белгиленди. Кошумча маалымат берилет.
Кар жаап атканда бараткан унаа. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Ысык-Көлдө карга унаасы менен тыгылып калган казакстандык үй-бүлө куткарылды
Жаңылыктар түрмөгү
0