Кечинде Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты жабылат. Себеби

© Sputnik / Акылбек БатырбековАла-Тоо аянты. Архивдик сүрөт
Ала-Тоо аянты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бүгүн саат 18:00дөн тарта "Ала-Тоо" аянты жабыла турганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Тагыраагы, Чүй проспектинин Панфилов көчөсүнөн жана Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаалар үчүн жабык болот.
"Чектөө саат 18:00дөн тарта киргизилет. Ал эми саат 19:00дө Кыргызстандын башкы балатысынын оту жанат. Борбордук көчө иш-чара бүткөнчө жабык болот", — деп айтылат кабарда.
Милициянын кайгуул кызматы келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, башка жолдор менен жүрө турууну өтүндү.
Жаңы жылдык балаты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2023
Бишкекте Жаңы жылда салют атылабы? Мэриянын жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0