Бишкектин көчөлөрүн суу каптаган окуя: мэр аткаминерди бошотуп, сөгүш жарыялады

© Фото / пресс-служба мэрии БишкекаБишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мэрияда өткөн пландуу жыйынында
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мэрияда өткөн пландуу жыйынында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Жазылуу
Мамлекеттик резиденция аймагындагы көчөлөрдү жана Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги Малдыбаев — Ахунбаев көчөлөрүн суу каптаган.
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев эки аткаминерге сөгүш жарыялап, бирөөнү иштен алды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба мэрии Бишкека

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев эки аткаминерге сөгүш жарыялап, бирөөнү иштен алды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев эки аткаминерге сөгүш жарыялап, бирөөнү иштен алды - Sputnik Кыргызстан
1/3

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев эки аткаминерге сөгүш жарыялап, бирөөнү иштен алды

© Фото / пресс-служба мэрии Бишкека

Көчөлөрдү суу каптап кеткенине байланыштуу "Бишкек суу чарба" муниципалдык ишканасынын директору Радик Жумабек уулун ээлеген кызматынан бошотууга буйрук берди

Көчөлөрдү суу каптап кеткенине байланыштуу "Бишкек суу чарба" муниципалдык ишканасынын директору Радик Жумабек уулун ээлеген кызматынан бошотууга буйрук берди - Sputnik Кыргызстан
2/3

Көчөлөрдү суу каптап кеткенине байланыштуу "Бишкек суу чарба" муниципалдык ишканасынын директору Радик Жумабек уулун ээлеген кызматынан бошотууга буйрук берди

© Фото / пресс-служба мэрии Бишкека

Калаа башчысы мэрияда өткөн пландуу жыйындарда дарыя жээктерин муздан жана ылайдан тазалоо боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча жооптуу кызматкерлердин отчётторуна жана докладдарына карабастан, бүгүнкү күндө алар тараптан аткарылган иштер жетишсиз экенин белгилеген

Калаа башчысы мэрияда өткөн пландуу жыйындарда дарыя жээктерин муздан жана ылайдан тазалоо боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча жооптуу кызматкерлердин отчётторуна жана докладдарына карабастан, бүгүнкү күндө алар тараптан аткарылган иштер жетишсиз экенин белгилеген - Sputnik Кыргызстан
3/3

Калаа башчысы мэрияда өткөн пландуу жыйындарда дарыя жээктерин муздан жана ылайдан тазалоо боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча жооптуу кызматкерлердин отчётторуна жана докладдарына карабастан, бүгүнкү күндө алар тараптан аткарылган иштер жетишсиз экенин белгилеген

1/3

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев эки аткаминерге сөгүш жарыялап, бирөөнү иштен алды

2/3

Көчөлөрдү суу каптап кеткенине байланыштуу "Бишкек суу чарба" муниципалдык ишканасынын директору Радик Жумабек уулун ээлеген кызматынан бошотууга буйрук берди

3/3

Калаа башчысы мэрияда өткөн пландуу жыйындарда дарыя жээктерин муздан жана ылайдан тазалоо боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча жооптуу кызматкерлердин отчётторуна жана докладдарына карабастан, бүгүнкү күндө алар тараптан аткарылган иштер жетишсиз экенин белгилеген

Жунушалиев Бишкек шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба секторунун жетекчилери жана борбор калаанын райондорунун башчылары менен Ала-Арча дарыясынан суу ташкындап, шаардын түштүк бөлүгүндөгү көчөлөрдү каптагандыгы боюнча кеңешме өткөрдү.
Көчөлөрдү суу каптап кеткенине байланыштуу "Бишкек суу чарба" муниципалдык ишканасынын директору Радик Жумабек уулун ээлеген кызматынан бошотууга буйрук берди. Кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы жана турак жай-коммуналдык чарбанын ишине жетишерлик көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиевге жана Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиевге сөгүш жарыяланган.
Калаа башчысы мэрияда өткөн пландуу жыйындарда дарыя жээктерин муздан жана ылайдан тазалоо боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча жооптуу кызматкерлердин отчётторуна жана докладдарына карабастан, бүгүнкү күндө алар тараптан аткарылган иштер жетишсиз экенин белгилеген.
Ал суу чарба, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан Ала-Арча суусундагы муздун жана суулардын учурдагы көлөмүн, суу ташкындын себептери жөнүндө расмий маалыматты талап кылууну тапшырган.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча мэр төмөнкү тапшырмаларды берген:
Ала-Арча дарыясын муздан тазалоо иштерин аяктоо;
Ала-Арча дарыясынын жанындагы сел каптаган жолдорду, жөө адамдар өтүүчү аймактарды жана үйлөрдүн короолорун тазалоо иштерин жүргүзүү;
райондук муниципалдык администрациялар тарабынан күнү-түнү нөөмөттү уюштуруу;
жакын жердеги сугат тармагын тазалоо;
мындай жагдайларды болтурбоо үчүн иш пландарын карап чыгуу.
Эске салсак, мамлекеттик резиденция аймагындагы көчөлөрдү жана Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги Малдыбаев — Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиштерин суу каптаган. Бул автоунаалар каттамын жана адамдардын жүрүшүн кыйындаткан.
Заместитель министра МЧС КР Азамат Мамбетов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Радио
ӨКМ: жыл ичинде жалпы 33 өзгөчө кырдаал катталды
Жаңылыктар түрмөгү
0