Кыргызгидромет суук болорун кеч айтты деген билим берүү министрине жооп берди

© Фото / пресс-служба МОиН КРМинистр Догдуркүл Кендирбаева. Архивдик сүрөт
Министр Догдуркүл Кендирбаева. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Жазылуу
Мекеме катуу суук болорун 5-декабрда, андан бир жума өткөн соң кайра кайталап айтканын белгиледи.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет катуу суук болорун 5-декабрда кабарлап, шашылыш билдирүү тараткан. Андыктан билим берүү министринин "суук болорун кеч билгендиктен мектептерди онлайн-окууга өтүү буйругу кеч чыкты" дегени чындыкка дал келбейт. Мындай билдирүүнү Кыргызгидромет таратты.
Эскерте кетсек, бүгүн министрлик Кыргызстандагы мектеп окуучуларын аралыктан окууга өткөрүү буйругун чыгарып, эртең мененки сменада окуган балдар мектепке барган соң кайра үйлөрүнө кайтарылган. Буга коомчулук арасында нааразычылык жаралып, сын айтылган. Андан соң Билим берүү министрлиги маалымат жыйын өткөрүп, министр Догдуркүл Кендирбаева эмне үчүн буйрук кеч чыкканы тууралуу суроого "Кыргызгидрометтин маалыматы кеч келди" деп жооп берген.
ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология кызматы кооптуу табигый кубулуштарды алдын ала болжолдоо боюнча иш жүргүзгөн маанилүү мамлекеттик орган экенин белгиледи. Анын негизги милдеттеринин бири — аба ырайы кандай болорун божомолдоп, элди кабардар кылуу.
"5-декабрь күнү Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, 9-14-декабрь күндөрү катуу суук болорун маалымдаган. Андан кийин 12-декабрь күнү билдирүү кайталап чыгарылган. Аба ырайынын божомолу бардык мамлекеттик органдарга жана ЖМКларга таратылып, телеканалдардан да айтылган. Бирок билим берүү министри фактыларды көз жаздымда калтырып, Кыргызгидромет маалыматты өз убагында берген жок деди. Мындай негизсиз билдирүүлөр коомчулукту адаштырып, Кыргызгидрометтин кадырына шек келтирүүдө", — деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө.
Мугалим мектепте. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Бишкектин мектептери үч күн онлайн окумай болду
Жаңылыктар түрмөгү
0