ЕАЭБде электробус чыгарылат. Долбоор тууралуу эмне белгилүү

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЭлектробус. Архивдик сүрөт
Электробус. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Жазылуу
Долбоорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга бир катар ишканалар катыша тургандыгын ырасташкан.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши мамлекеттер аралык "Евразия электробусу" программасынын иштелип чыккан долбоорун жактырды. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Долбоор ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында иштелип чыккан.
"Программанын негизги максаты — ЕАЭБде чыгарылган электробустар менен биримдиктеги керектөөнү канааттандыруу", — деген ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси министри Артак Камалян.
Министр бул максатка жетүү үчүн бир катар көйгөйлөрдү чечиш керектигин кошумчалады.

ЕЭКтин маалыматы

Аталган долбоорду иштеп чыгып, аны жүзөгө ашырууга "Айрон стрим" (Армения), "Белкоммунмаш" жана Беларустун машина куруу бириктирилген институту (Беларусь), "КамАЗ" жана "РЭНЕРА" (Россия) ишканалары катышары тастыкталды.
Экономика жана коммерция министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын экспорттук көзөмөл секторунун башчысы Марс Жылдызев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2023
Радио
ЕАЭБге товар экспорттоого лицензияны эми электрондук түрдө алса болот
Жаңылыктар түрмөгү
0