Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Турдубаева: "Ата-энелер мектеби" ата-эне менен мектептин алакасын чыңдайт

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуБишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин башкы адиси Гүзел Турдубаева
Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин башкы адиси Гүзел Турдубаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Жазылуу
Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин башкы адиси Гүзел Турдубаева ата-эненин жоопкерчилигин түшүндүрүү үчүн программа иштелип чыкканын белгиледи.
"Ата-энелер мектеби" иштелип чыгып, сыноодон ийгиликтүү өтүүдө. Бул тууралуу Гүзел Турдубаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Турдубаева: "Ата-энелер мектеби" ата-эне менен мектептин алакасын чыңдайт
Анын айтымында, учурда аталган программа жалпы республика боюнча жайылтылууда.
"Учурда коомдо балага тарбияны ким берет деген суроону коюп, окуучуну мектеп тарбиялашы керектигин айтышууда. Чынында мектеп сабак учурундагы убакытка гана жоопкер. Окуучу мектептин босогосунан чыкандан кийин жоопкерчилик ата-энеге жүктөлөт. Алар тарбиясынан тартып, жол эрежесин сакташын, баскан-турганын бүт көзөмөлгө алуусу шарт. Бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан "Ата-энелер мектеби" программасы иштелип чыгып, республика боюнча аны сыноодон өткөрүүчү мектептер жана бала бакчалар аныкталган. Борбор калаада 10 мектеп жана 5 бала бакча киргизилди. Негизинен программа үй-бүлөлүк балуулуктарды жакшыртууга багытталган. Ошондой эле мугалим, окуучу жана ата-эненин байланышын бекемдөөгө өбөлгө болору мерчемделүүдө. Быйылкы окуу жылында Бишкектеги муниципалдык мектептерде 201 миң бала окуп жатат. Ошонун ичинен 35 миң бала социалдык категорияларга кирет. Алардын арасында мигранттардын балдары бар", — деди Турдубаева.
Жаңылыктар түрмөгү
0