Ош шаардык тергөө абагынын жетекчиси кармалды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКишен. Архивдик сүрөт
Кишен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2023
Жазылуу
Буга чейин СИЗОдо тинтүү жүрүп, камакта отургандардан тыюу салынган заттар табылганы белгилүү болгон.
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Ош шаардык тергөө абагынын жетекчиси кармалды. Бул туурасында укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар билдирди.
Буга чейин СИЗОдо тинтүү жүрүп, камакта отургандардан тыюу салынган заттар табылганы белгилүү болгон.
"Алдын ала маалымат боюнча, тинтүүдөн кийин УКМК кылмыш ишин козгогон. СИЗОнун жетекчиси кызматтан алынып, кармалды", — деди маектеш.
Ош облустук соту маалыматты тастыктап, аталган жетекчи эки айга УКМКнын тергөө абагына камалганын билдирди.
Дордой базары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
УКМК "Дордой" базарын тескеген деп 5 салыкчыны кармады
Жаңылыктар түрмөгү
0