Бишкек мэриясы коомдук транспортто жол акы төлөбөгөндөргө 3000 сом айып салат

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте аялдамада коомдук транспортту күтүп турган жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт
Бишкекте аялдамада коомдук транспортту күтүп турган жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортко түшүп, бирок жол кирени төлөбөй койгон жүргүнчүлөргө үч миң сомдук айып сала баштайт. Бул тууралуу вице-мэр Максат Сазыкулов билдирди.
Вице-мэр автобус, троллейбустарда көзөмөлдөөчү бригада иштей турганын айтты.
"Картаны аппаратка тийгизип төлөгөндөй түр көрсөтүп коюу схемасы эми иштебейт. Көзөмөлчүлөр жүргүнчүнүн картасын алып система аркылуу текшерет. Эгер төлөбөгөнү аныкталса айыпка жыгылат", — деди Сазыкулов.
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Автобустарда накталай төлөм 25 сомго көтөрүлбөй калды. Мэриянын түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0