РКӨФтүн долбоорлору өлкөнү тоок эти менен 80%га камсыздай алат

© Sputnik / Табылды КадырбековТоок фабрикасы. Архивдик сүрөт
Тоок фабрикасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Жазылуу
Фонддун төрагасы жакынкы жылдары канаттуунун этин өлкө экспорттоп каларын айтты.
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) каржылаган эки долбоор Кыргызстандын калкын канаттуунун эти менен 80 пайызга камсыздоого жардам берет. Бул тууралуу РКӨФтүн маалымат кызматы кабарлады.
Фонд Ысык-Көлдө тоок фабрикасын курууга 8 миллион доллар бөлгөн. Долбоорду "Евразия канаттуулар фабрикасы" ишке ашырмакчы. Алгач 120 кишиге иш орун түзүлүп, андан кийин жумушчулардын саны 500гө чейин көбөйтүлөт.
"Алгачкы этапта ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 6 миң тонна продукцияны түзөт, андан кийин 20 миңге чейин көбөйөт. Биздин өзүбүздүн инкубатория, тоок багылган жер, тоют заводу жана канаттууну союучу цехибиз болот", — деди компаниянын директору Артур Фархутдинов.
Буга чейин РКӨФ Ысык-Көлдөгү "Агро Куш" ишканасын дагы колдоого алып, тоок фермасын курууга 9,3 миллион доллар бөлгөн. Бул эки ишкана калкты канаттуунун эти менен 80 пайызга камсыздай алары айтылды.
"Үч-беш жыл ичинде көрсөткүчтү 100 пайызга жеткирип, канаттуунун этин сырттан алып келбей, тескерисинче, жөнөтүп калганга жетебиз", — деген Новиков.
РКӨФ жалпы каржылаган 3,4 миң долбоордун ичинен айыл чарба тармагына 56 пайызы туура келет.
Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз чыгарган завод ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Бишкекте РКӨФтүн колдоосу менен дагы бир завод ачылды. Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0