Апрелге чейин Бишкектеги маршруткаларды толугу менен алуу пландалууда

© Sputnik / Мирбек СакеновМаршруттук такси. Архивдик сүрөт
Маршруттук такси. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
Жазылуу
Жазында ордо калаада 1 500дей автобус жүрүп калары айтылды.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. 2024-жылдын апрель айына чейин Бишкектеги маршруткалар электробус жана газ менен жүргөн автобустарга алмаштырылат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медетбек Маметов "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында билдирген.
Анын айтымында, декабрдын башына карата Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы тарабынан 744 автобус алып келинген.
"2024-жылдын апрель айына карата автобустардын саны 1 500гө, электробустардын саны 120га жетет. Алардын ар бири дизель менен жүргөн төрт бусту алмаштырып, 90-100 тонна дизелдин күйүүсүн жокко чыгарат", — деген Маметов.
Ал ушул жылдын аягына чейин муниципалдык электр таксилердин санын 120га жеткирүү пландалып жатканын кошумчалады. Азыр шаарда мындай транспорттон 20сы бар.
Аукциондо колдонулуучу балка. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Бишкек мэриясы эскилиги жеткен автотранспортторду аукционго койду
Жаңылыктар түрмөгү
0