Россиядагы эгиндин рекорддук түшүмү Кыргызстанда инфляциянын төмөндөшүн шарттайт

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүТалаада буудай түшүмүн жыйноо. Архивдик сүрөт
Талаада буудай түшүмүн жыйноо. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Жазылуу
Ноябрдын аягында Россияда 151 миллион тоннадан ашык дан эгини, анын ичинде 99 миллион тонна буудай чогултулганы кабарланган.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жыл аягында инфляциянын төмөндөшү күтүлүп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты боюнча отчётунда айтылат.
Төртүнчү кварталда инфляция өткөн жылга салыштырмалуу 8,5 пайыз болору болжолдонууда.
"2023-жылдын аягында инфляциянын азык-түлүк компонентинин туруктуу динамикасына байланыштуу анын төмөндөшү күтүлүүдө. Бул биринчи кезекте Россиянын дан эгиндеринин рекорддук түшүм бергени менен байланыштуу", — деп айтылат билдирүүдө.
Азык-түлүккө кирбеген товарларга инфляция боюнча божомол жогорураак (2023-жылы орточо 13,5 пайыз болгон). 2024-жылдын аягында акырындык менен төмөндөй турганы божомолдонду.
Эскерте кетсек, Кыргызстан Россиядан буудайды ири көлөмдө импорттойт.
Ноябрдын аягында Россияда 151 миллион тоннадан ашык дан эгини, анын ичинде 99 миллион тонна буудай чогултулганы кабарланган. Айыл чарба министри Дмитрий Патрушевдин айтымында, быйыл Россия тарыхтагы экинчи ири түшүмдү алат, муну менен ички керектөөлөрдү толугу менен жаап гана тим болбостон, эгинди эбегейсиз көлөмдө чет элдик өнөктөштөргө жөнөтө алат.
Талаадагы буудай түшүмдөрүн жыйноо. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2023
Россиянын эгини Африка өлкөлөрүнө түшүрүлө баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0