Садыр Жапаров ККМ аппаратынын базарларга киргизилип жаткан себебин айтты

© Фото / пресс-служба ГНС КРККМ аппараттары. Архивдик сүрөт
ККМ аппараттары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Жазылуу
Президент бийликтин максаты патентти жок кылуу эмес экенин белгилеген.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. ККМ аппараттарын киргизүү аркылуу дүңүнөн соода кылгандардын товар жүгүртүүсүн, жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз. Бул тууралуу Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

"Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу үчүн ККМди базарга киргизип жатабыз. Кытайдан бизге өткөн товардын көлөмү 14 миллиард долларды түзөт. Биздин статистикалык маалыматтарга келгенде 4 миллиард доллар болуп калып жатпайбы. Демек, көмүскө экономикага кирип кетип жатат. Дүңүнөн сатып жиберип, салык төлөбөй чыгып кетишүүдө. ККМ киргизүү жолу менен гана республикада канча товар айланып жатканын көрө алабыз. Биздин максат — патентти жок кылуу эмес. Патенттен болгону 35 миллион сом түшөт. Патентти он эсе көтөрсөң да биздин бюджет үчүн деңиздин бир тамчысындай эле. Биз ККМ аркылуу дүңүнөн соода кылгандардын товар жүгүртүүсүн, жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз", — деген Жапаров.

Президент өнүккөн өлкөлөр, жакынкы мамлекеттер да ККМге өткөнүн айтып, толук салык алганда гана пенсия, жөлөк пул, эмгек акы мындан да эки-үч эсеге көтөрүлөрүн белгилеген. Ал бул маселеге өзү киришкенин кошумчалады.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Ташиев: базар ээлери соодагерлердин ижара акысын 2 эсе арзандатышы керек
Жаңылыктар түрмөгү
0