Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Байсалов: Садыр Жапаров туулган күнүндө белек берүүгө тыюу салган

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Жазылуу
Бүгүн Кыргызстандын президенти 55 жашка чыгып жатат.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров кол алдындагыларга туулган күнүндө белек берүүгө тыюу салган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов Sputnik Кыргызстан агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн КР президенти 55 жашка чыгып жатат.
"Президент баарыбызга белек берүүгө, мактап-жактоого тыюу салды. Абдан жөнөкөй адам. Үч жыл аралыгында Жапаров элибиз аны президент кылып шайлап жаңылбаганын далилдеди. Садыр Жапаров кимдир бирөөгө жагышы мүмкүн, айрымдарга жакпашы ыктымал, бирок баарыбыз ага ийгилик каалашыбыз керек. Анткени анын ийгилиги — бул жалпы элдин жана мамлекеттин ийгилиги", — деди Байсалов.
КР президенти Садыр жапаров менен РФ президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Садыр Жапаров 55 жашта. Путин президентти туулган күнү менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0