Жогорку Кеңеш ЕАЭБдеги кампа күбөлүктөрү боюнча макулдашууну жактырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорку кеңештин жыйыны. Архивдик сүрөт
Жогорку кеңештин жыйыны. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Жазылуу
Өлкө боюнча 391 кампа бар, анын ичинен жетөө Айыл чарба министрлигинен каттоодон өткөн.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Парламент ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кампа күбөлүктөрүн өз ара таануу боюнча макулдашууну биринчи окууда ратификациялады.
Ал кампада товар бар экенин тастыктап, айыл чарба продукциясынын ээсине берилүүчү баалуу кагаз.
Айыл чарба министринин орун басары Айнура Туйбаева бул келишимге быйыл 31-июлда Москвада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда кол коюлганын билдирди.
"Өлкө боюнча 391 кампа бар, анын ичинен жетөө биздин каттоодон өткөн. Ал жайда продукциясын сактаса кампа күбөлүктөр берилет. Ошонун негизинде сатуу иштерин жүргүзсө, күрөөгө коюп насыя алса да болот. Ал күрөөлүк камсыздоону тастыктоочу документ катары кызмат кылат", — деди Туйбаева.
Депутат Дастан Жумабеков бул элге керектүү макулдашуу экенин белгиледи. Анын айтымында, мисалы, төө буурчак, кумшекерди кампага сактап коюп, анын күбөлүгү менен насыя алып башка чарбалык иштерине колдонсо болот. Кийин баа көтөрүлгөндө товарын сатып, жакшыраак пайда табышына шарт түзүлөт.
Доллар купюралары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2023
Кыргызстанда ИДП жыл сайын 1-2 млрд. долларга өсүүдө. ЕАЭБ жыйынтыгы
Жаңылыктар түрмөгү
0