ККМге каршы митингдер токтой элек. Дагы үч базарда акция өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг. Архивдик сүрөт
Митинг. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бүгүн Кара-Балта, Токмок жана "Дордой Моторс" базарларында ККМге каршы нааразычылык акциясы өттү.
Видеодон Токмокко чогулган соодагерлердин "Патент! Патент!" деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот.
Эске салсак, базардагы соодагерлердин митинги 29-ноябрда башталган. Алгач Оштогу "Кара-Суу" базарында иштегендер райондук администрациянын алдына чогулуп ККМ колдонууга каршы экендигин айтышкан. Эртеси, 30-ноябрда, "Дордой", "Мадина", "Орто-Сай" базарындагылар чогулуп патентти калтырууну талап кылышкан. Мындай митингдер 1-декабрда да уланган.
Ишембиде Садыр Жапаров салык салуу маселесинде кимдин талабы (өкмөт же соодагерлер) туура экенин аныктоо үчүн жумушчу топ түзгөн. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилүү бир күчтөр соодагерлерди тукуруу аракетин көрүп жатканын белгилеген.
Аламүдүн базарындагы соодагерлер митингге чыгышты. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2023
"Аламүдүн" базарындагылар да митингге чыгып патентти калтырууну талап кылышууда
Жаңылыктар түрмөгү
0