С. Жапаров Дубайдагы климаттык саммитте сүйлөдү. Кандай маселе көтөрдү?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров Дубайдагы климаттык саммитте сүйлөдү
Садыр Жапаров Дубайдагы климаттык саммитте сүйлөдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2023
Жазылуу
Өлкө башчы инвесторлорду Кыргызстандагы "жашыл" долбоорлорго инвестиция салууга чакырды.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Дубай шаарында (БАЭ) БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясы тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги сегментинде сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчынын баяндамасын маалымат кызматы таратты.
Жапаров саммитте көйгөйлөрдү гана белгилебестен, кечиктирбей ишке ашырыла турган чечимдер да кабыл алынарына ишеним артты.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВсемирный саммит действий по климату в "Expo City Dubai"
Всемирный саммит действий по климату в Expo City Dubai - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2023
“Эксперттердин баамында, температуранын планетанын орточо көрсөткүчүнөн кескин жогорулашы бүтүндөй Борбор Азиядагыдай эле Кыргызстанда да байкалууда. Түз жана кыйыр жоготуулардын зыяны жыл сайын көбөйүүдө. Региондун тоолуу экосистемаларында жайгашкан мөңгүлөр суу-энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу, экологиялык туруктуулук үчүн өтө маанилүү. Ушуга байланыштуу, биздин өлкө 20 жылдан ашуун убакыттан бери бардык деңгээлдеги эл аралык сүйлөшүүлөргө тоо тематикасын коштуруп, интеграциянын ырааттуу кыймылдаткычы болуп келет”, — деди Жапаров.
Ошондой эле президент инвесторлорду Кыргызстандагы "жашыл" долбоорлорго инвестиция салууга чакырды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВсемирный саммит действий по климату в "Expo City Dubai"
Всемирный саммит действий по климату в Expo City Dubai - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2023
“Инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча тынымсыз процесс жүрүп жатат. Ишкерлерге жеңилдик иретинде электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат кабыл алынган. Бүгүнкү күндө энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүүгө жана энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө багытталган бир катар чаралар киргизилди”, — деди мамлекет башчы.
Президент дүйнөлүк коомчулукту, биринчи кезекте өнүккөн донор өлкөлөрдү климаттык каржылоонун көлөмүн топтоо, аны алуу механизмдерин жөнөкөйлөтүү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоонун жаңы механизмдерин түзүү боюнча көбүрөөк максаттуу иштерди жүргүзүүгө үндөдү.
Садыр Жапаров климат боюнча саммитке катышуу үчүн Expo City Dubai борборуна барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2023
Садыр Жапаров климат боюнча саммитке катышуу үчүн Expo City Dubai борборуна барды
Жаңылыктар түрмөгү
0