ЕАЭБде бир топ көрсөткүч боюнча өсүш байкалууда

© Sputnik / Владислав Воднев / Медиабанкка өтүүЕАЭБ желеги. Архивдик сүрөт
ЕАЭБ желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2023
Жазылуу
ЕЭКтин берген баасына ылайык, 2026-жылга чейин өз ара сооданын көлөмү 100 миллиард долларга чейин көбөйөт.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. ЕАЭБде бир кыйла макроэкономикалык көрсөткүч боюнча оң динамика байкалууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
ЕЭК 2026-жылга чейин өз ара сооданын көлөмү 100 миллиард долларга чейин көбөйөт деп божомолдоп жатат.
"Макроэкономикалык саясат департаментинин адистеринин пикиринде, ички суроо-талап экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычы болууда. Ошол эле учурда ЕАЭБ өлкөлөрү биримдиктин рыногуна көбүрөөк көңүл бура баштагандыктан тышкы суроо-талаптын басаңдаганы байкалып жатат", — деп жазылат релизде.
Евразиялык экономикалык биримдикте соода алакасы туруктуу болуп калганы белгиленди.
"Эгер мурда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда (Россиядан башка) өз ара соодада терс сальдо болуп келсе, 2023-жылы Армения менен Беларуста абал оңолуп, башкаларда да соода алакасы жакшыра баштаган", — деп айтылат ЕЭКтин маалыматында.
КМШ өлкөлөрүнүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода калыбына келе баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0