Бишкекте сойкукана уюштурууга жардамдашкан деп мурдагы аким, ири ишкер кармалды

© AP Photo / Dita AlangkaraСойкукана. Архивдик сүрөт
Сойкукана. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2023
Жазылуу
Кармалган Б.К.А. "Дордойдогу" "Ак-Суу" базарына ээлик кылат жана буга чейин аким болуп иштеген.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкекте чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн сойкукана уюштурууга көмөктөшкөнү үчүн мурдагы аким жана ири ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, кармалган Б.К.А. "Дордойдогу" "Ак-Суу" базарына ээлик кылат жана буга чейин аким болуп иштеген.
"Б.К.А. сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат берип, ошондой эле аталган мекеме тарабынан көрсөтүлгөн интимдик кызматтарды бир нече жолу колдонгону аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси ("Сойкулукка тартуу") боюнча иш козголгон. Ишкер учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында экени кошумчаланды.
Сойку. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2023
Ташиев: акчалууларга интим кызматтарын көрсөткөн 200дөй элиталык сойку аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0