Торжественное мероприятие по поднятию обновленного флага КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев менен Улан Примов Кыргызстандын желегиндеги айрым элементтерди өзгөртүүнү сунуштап жатышат. Кеп түндүктүн чамгарагы менен күндүн нуру тууралуу болууда. Тармактык комитет мыйзам долбоорун колдоду. Эми депутаттар аны жалпы жыйында кенен талкуулашмакчы.

Бекешев: тууну өзгөртүү — тарыхты өзгөртүп жазууга болгон аракет

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Дастан Бекешев. Архив
Депутат Дастан Бекешев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Тууну өзгөртүү — тарыхты өзгөртүп жазууга болгон аракет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Учурда парламентте спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов демилгелеген желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.
"Мен биздин желекти көргөн жокмун, бирок аң-сезимим менен кандай туу болбосун, өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук кылбай турганын түшүнөм. Биздин көптөгөн шайлоочуларыбыз сыяктуу эле өзгөртүүнүн маани-маңызын көрө алган жокмун. Андыктан мен каршы добуш берем", — деди эл өкүлү.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2023
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Депутаттар желектеги күндүн нурун эле эмес, түндүктү да өзгөртүүнү сунушташууда
Жаңылыктар түрмөгү
0