Кыргызстанда беш айыл жана үч айыл аймактын аталышы өзгөртүлөт. Тизме

© Sputnik / Эмиль СадыровКыргызстандагы айылдардын биринин көрүнүшү. Архив
Кыргызстандагы айылдардын биринин көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңеш үч окууда Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы бир катар айыл аймактарынын аталышын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды.
Эми президент кол койсо аталыштар төмөнкүдөй болуп алмаштырылат:
Баткен облусунун Көтөрмө айыл аймагы — Молдо Нияз;
Жалал-Абад облусунун Назаралиев айыл аймагы — Үч-Коргон;
Ысык-Көл облусунун Семёнов айыл аймагы — Кожояр;
Жалал-Абад облусунун Деш айылы — Тынчтык;
Жалал-Абад облусунун Дукур айылы — Достук;
Жалал-Абад облусунун Чек айылы — Ынтымак;
Ысык-Көл облусунун Комсомольское айылы — Кытай;
Ысык-Көл облусунун Семёнов айылы — Кожояр-Ата.
Нарын облусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Бийлик Кыргызстандагы айрым айылдардын аталышын өзгөртүүнү сунуштоодо. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0